Борбор калаада "кызганычтан улам аялын өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 02:50 чамасында "102" кызматына Трудовая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 27 жаштагы келин өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Маркумдун үйүндө анын күйөөсү жана 6 жашар баласы да болгон. Иликтөө иштеринин алкагында маркумдун күйөөсү экөөнүн ортосунда кызганычтын айынан көптөгөн уруштар болуп келгенин билдирген. Ошондой эле ал аялы уктап жатканда аны муунтканын кошумчалаган. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.