Бишкекте "кызганычтан улам аялын өлтүргөн" деп шектелген жаран аны жоолугу менен муунтуп өлтүргөнү белгилүү болду

Бишкекте "кызганычтан улам аялын өлтүргөн" деп шектелген жаран аны жоолугу менен муунтуп өлтүргөнү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган маркумдун 1984-жылы туулган Д.З. аттуу күйөөсүнө "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алып, аялын жоолугу менен муунтуп өлтүргөнүн билдирген. Ошондой эле ал окуядан кийин өз жанын кыюуга аракеттенгенин да кошумчалаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, 4-августка караган түнү саат 02:50 чамасында "102" кызматына Трудовая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 27 жаштагы келин өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Иликтөө иштеринин алкагында маркумдун күйөөсү аялы уктап жатканда аны муунтуп өлтүргөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Xanbiyken
2016-08-05 11:40:39
ХХХ балдарындын бетин кантип карайсын, ХХХ десе.
+4
KaiMak
2016-08-05 11:43:20
ХХХ... Аялына кантип колу барды олтургонго ... Эми олтурду не тапты? аялы оо дуйного озу тор артында балдарынале кыйын болду
+3
admin_portal
2016-08-05 13:43:59
Xanbiyken, KaiMak, этика нормаларын сактаңыз!
0
Medina87
2016-08-05 22:05:35
Бири кем дунуйо..
Кыска ойлуулуктун жеткен чеги. Ортодо наристеге убал болду.
0
Aman-moskva
2016-08-06 00:04:27
Кызганычтан нелер кана болбойт
0
Deniza88
2016-10-17 13:44:03
Аялына шарт тузуп бере албасан да жакшы мамиле кыл, анткени аял кишилерге биринчи орунда байлык Гана керек эмес, биринчи орунда омурлук жарынын аял кишиге болгон Жылуу мамилеси! Калганын Экоо чогуу таап алат, байлык да, бала да башкасын да.. Акырында аял кишиге куноону жаба салышат, анализдеп коргулору келбейт. Эгер Жогоруда жазылгандын баары эркек кишиде болсо да аялы ыраазы болбосо ал аял эмес, анткени аял кишиге Жылуу мамиле Гана жетиштуу, калганын озу болсо да толтуруп алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан