Борбор калаада 36 жаштагы жаран 8-кабаттан кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 17:18 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Калык Акиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жарандын кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 36 жаштагы жаран болжол менен 8-кабаттан кулап каза тапканын аныкташкан. Окуянын күбөлөрү алгач үн угулуп, кийин жерде жаткан жаранды көрүшкөнүн билдирген.