Кара-Көл шаарында 39 жаштагы жаран жардан кулап кетип каза тапты

Кара-Көл шаарында 39 жаштагы жаран жардан кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош жолунун 419-чакырымында түнкү саат 03:15те орун алган. Анда 39 жаштагы Жыргалбек Ш. аттуу жаран 250 метрди түзгөн бийик жардан кулап кетип каза тапкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун денесин алып чыгып, ал шаардык өлүкканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nasyrkg
2016-08-05 14:22:29
толугураак жазса тунку саат 3то жардын башында эмне кылып журду экен.
+2
begai93
2016-08-05 22:49:00
Nasyrkg,ошону айтсан?!
0
Sveta23
2016-08-06 23:53:25
Биздин Каракулжанын Чалма айылынан эле маркум.Тойдонбу,айтор бир айылдан келаткан экен.Эсалам же туалет кылам дегенби,ажал да кыскасы.Аллахым тиги дуйносун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан