Кочкор районунда 39 жүргүнчүсү менен бараткан автобус менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Долон ашуусунда орун алган. Анда 39 жүргүнчү менен Ат-Башы-Бишкек каттамы боюнча бараткан автобус менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Натыйжада оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары жабыркап, райондук ооруканага жеткирилишкен.