Бишкек шаарында 56 жаштагы жаран үйдүн чатырынан кулап кетип оор жаракаттарды алды

Бишкек шаарында 56 жаштагы жаран үйдүн чатырынан кулап кетип оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 10:59 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Кузбасская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин чатырынан жаран кулап кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 56 жаштагы мас абалдагы жаран 3 метр бийиктиктен кулаганын аныкташкан. Башынан оор жаракат алып, кабыргасы сынып, ички органдарынан жаракат алган жабырлануучу оор абалда тез арада ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан