Бишкекте таксисттин унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте таксисттин унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 56 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал жеке такси кызматтарынын биринде иштээрин жана чакыруу боюнча барган кардары алдоо жолу менен анын унаасын уурдап кеткенин билдирген.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү "аэропортко барабыз" деген шылтоо менен таксистти мейманканага киргизип, күтүп туруусун суранган. Кийин унаасынын ачкычын алып, изин жашырып кеткен. 5-августка караган түнү саат 02:40 чамасында уурдалган унаа Дэн Сяопин-Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aman-moskva
2016-08-05 23:58:18
Бишкек тугоп буттуп тур да урулар дын мекени болуп калыптыр кандай жанылык окусан бишкек бишкек
0
Makain
2016-08-06 03:25:03
Уятта атасындай кишини алдаган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан