Бишкекте уурулук боюнча 2 фактынын бети ачылды

Бишкек милициясы бир катар кылмыштардын бети ачылганын маалымдады. 2016-жылдын 5-август күнү Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына шаардын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында жабырлануучу 2016-жылдын июль айында Бишкек шаарындагы Малдыбаев көчөсүнөн Н. аттуу бейтааныш кыз 10 800 сомдук зер буюмдарын жана кийимдерин уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй кылмышка шектелип Чүй облусунун 18 жаштагы тургуну Ш.Н. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына да кечээ Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну Ш.М. кайрылып, Лермонтов көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан 1200 долларлык аппарат уурдалганын айткан. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 23 жаштагы Ж.Т. аттуу тургунун кармашты, тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан