2016-жылдын 7 айында республика аймагында 3059 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17,1 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев маалымат жыйын учурунда билдирди.
“Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам каза тапса, 3679 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми 7 айда өспүрүмдөрдүн катышуусунда 905 жол кырсыгы катталып, 80 бала каза тапкан. Өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын келип чыгышына көп учурда ата-эне, айдоочулар себепкер болушууда. Анткени балдар кароосуз калып, аларга түшүндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөй жатат”, - деди Эркин Баев.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта мурдагы Жол-кайгуул кызматы Патрулдук милиция башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн.