Чүй районунда 6 жаштагы кызды коңшу өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган келин кармалды

Чүй районунун Арал аймагында 6 жаштагы кызды коңшу өлкөгө алып өтүүгө аракет кылган келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган М.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 7-август күнү чек арачылар тарабынан кармалган. Ал коңшу Казакстан өлкөсүнө көзөмөл-өткөрүүчү тышкары жерден 6 жаштагы кызды алып өтүүгө аракет кылган. Келиндин өзүнө жана жанындагы кызга тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес.

Бизге өзүнүн кызы экенин айтты, бирок жанында тастыктай турган эч кандай документтери болгон эмес. Мындан улам кармалган келин милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syper.kelin4ek
2016-08-08 12:12:12
Уурдап барып не кылары бештен белгилууда, эркектер менен аялдар кошо жарышып атабызго эмне деген шумдук бул.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан