Борбор калаада 2 унаа сүзүшүп, 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Борбор калаада 2 унаа сүзүшүп, 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 14:43 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Элебесов-Арычная көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 2 унаа сүзүшүп, 7 адам жабыркаганын жана алардын арасында 3 жаштагы кыз да жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, эки жаран ооруканага баруудан баш тарткан, ал эми калгандары ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан