Бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин кароону улантмак. Бирок бул ишти карап жаткан судья Кымбат Архарова эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу кийинки соттук кароо 9-сентябрга дайындалды.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.