Чүй облусунда мамлекеттик чек араны бузган Түштүк Кореянын жараны кармалды

Чүй облусунда мамлекеттик чек араны бузган Түштүк Кореянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бүгүн Аламүдүн районунун Молдовановка аймагында “Кант” чек ара заставасынын чек арачылары тарабынан Түштүк Кореянын жараны кармалган. Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Түштүк Кореянын жаранын суракка алган учурда Кыргыз Республикасы аркылуу Кытай Эл Республикасына кетүүгө камынганын жана аны чек арага казак жарандары алып келишкенин айткан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman-moskva
2016-08-08 17:05:58
Маладес кыргыздын армиясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан