Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 8 жаран кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 8 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен 54 жаштагы О.Г. аттуу жаран кайрылган. Анда ал борбордогу базарлардын биринде жайгашкан тигүү ишканасына белгисиз аялдар кирип, 40 даана аялдын көйнөгүн жана 20 даана эркектин кийим-кечесин алып кетишкенин билдирген.

Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 32 жаштагы К.А., 29 жаштагы Т.Н., 25 жаштагы С.Н., 54 жаштагы Ж.Н., 30 жаштагы Б.Г., 43 жаштагы К.Н., 53 жаштагы Ш.К. жана 43 жаштагы Ж.А. аттуу тургундары кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан