Пакистандын Кветта шаарындагы жардыруудан 54 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта жергиликтүү маалымат булактары полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Полициянын маалыматына караганда, бүгүн эртең менен сотко бара жаткан белгилүү жактоочу Билал Каси белгисиз адамдар тарабынан аткылоого кабылып, каза тапкан. Анын сөөгү жергиликтүү ооруканалардын бирине алынып келинип, бир канча саат өткөн соң оорукананын кире беришинде жардыруу болгон. Ал учурда маркум жактоочунун тааныштары, кесиптештери жана журналисттер топтошуп турушкан эле. Жардыруудан кеминде 54 адам каза таап, 50дөн ашык адамдын жаракат алганы айтылууда. Азырынча жардырууну ким уюштурганы белгисиз.