Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткен Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, өлкөгө алынып келинди

Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткен Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын июль айынын башында Лейлек районунун 1992-жылы туулган Ж.М. жана Э.М. аттуу тургундары Сириядагы согушка катышуу үчүн өлкөдөн чыгып кетишкен.

Кыргыз мамлекетинин эки жараны чет өлкөдөн кармалып, 30-июль күнү Кыргыз Республикасына алынып келинди, бирок алардын кайсы өлкөдөн кармалганын айта албайбыз. Учурда алар камакка алынып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө”, - деди УКМКнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Topchubai
2016-08-09 09:57:09
Толук аты жонун жазбапсынар да Ж М,Э Б дебей.
0
Keremet008
2016-08-09 09:59:27
Толук жазса уят бп калышат да не толук жаздыңар акчанарды төлөдук го дешет да наркы сирияга жоногондор. Ошолорду элдириалдына алпы чыгып иттей уят кылыш кк ачык эле
+3
alimyrza93
2016-08-09 10:03:09
жузун бир коруп албайлыбы )
+2
eduardali
2016-08-09 10:19:39
Далил жок жалган.
-2
Frunze74
2016-08-09 10:46:00
Алып келбей эле ошол жактан атып тынчытып келишпептир, менимче Кытай ж.б.олколордо терроризм боюнча шектелгендер олум жазасына буюрулса керек эле. Террористтер же будущий террорист, азырынча диний экстремисттер жугуштуу оорудай эле коркунучтуу, бугун оздору "ооруса" бул коркунучтуу илдет менен, эртен айланасындагыларга да жугузат. Батышты туурап аларга гумандуу болобуз деп отуруп 2-Афганистанга айланбасак болду. Мен диний радикалдар менен курошуудо чечкиндуу, чара корулушун талап кылам
+8
karona
2016-08-09 11:14:27
Кыргызстанга андайлардын эмне кереги бар? Эгер алардын жардамы менен башкаларын да кармайбыз деген максатта алып келген болсо бир жон.
0
aszyma
2016-08-09 11:32:40
Жалган эмес чындык. Энеси кошо барып Кармаптыр. Марат, Мирлан деген балдар экен
+3
kg_boy__91
2016-08-09 12:04:04
Аркалык бала бири экинсисин билбейм
-1
aikol87
2016-08-09 13:09:50
Ошодон нары атып жок кылыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан