Пакистандын Кветта шаарындагы жардыруудан каза тапкандардын саны 90дон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта жергиликтүү маалымат булактары полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Ал эми жардырууну өзүлөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук уюм өз жоопкерчилигине алды. Жардыруунун күчү чоң болгондуктан, каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин дарыгерлер айтышууда.
Айта кетсек, 8-август күнү эртең менен сотко бара жаткан белгилүү жактоочу Билал Каси белгисиз адамдар тарабынан аткылоого кабылып, каза тапкан. Анын сөөгү жергиликтүү ооруканалардын бирине алынып келинип, бир канча саат өткөн соң оорукананын кире беришинде жардыруу болгон. Ал учурда маркум жактоочунун тааныштары, кесиптештери жана журналисттер топтошуп турушкан эле.