Өзгөндө сууга агып кеткен 3 жашар бала дале табыла электигин 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Берилген маалыматка таянсак, райондогу Дөң-Булак-2 айылында 2013-жылы туулган И. уулу А. 7-август күнү саат 21:15те Дөң-Булак айыл аймагынын Шайбек каналына түшүп, агып кеткен. 8-августта куткаруучулар туугандары менен биргеликте издеп, бирок таба алышкан эмес.