Кытайда кичинекей баланын өлүмүнө айыпталып 13 жыл абакта отурган аялдын күнөөлүү эместиги аныкталып, мамлекет ага 258 миң доллар төлөп бермей болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2002-жылы Юньнань провинциясындагы бала бакчадан тамактан ууланып 1 бала каза таап, 2 бала оор абалда ооруканага түшкөн. "Балдардын тамагына уу кошкон" деп айыпталып 13 жыл темир тор артында отурган аял аталган бала бакчада иштеп келген. Арадан 11 жыл өткөндө провинциянын прокуратурасы бул ишти кайра тергөөгө жөнөтүп, айыпталуучу Цянь Жэньфэндин күнөөсү далилденген эмес. 2015-жылы декабрда соттун чечими менен өмүрүнүн 13 жылын абакта өткөргөн аял эркиндикке чыгып, мамлекет тарабынан ага 258 миң доллар төлөнүп берилмей болду.