Кадамжай районунда "2-класстын окуучусун зордуктоого аракеттенген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-августта Кадамжай районундагы Марказ айылында орун алган. Анда мас абалдагы жергиликтүү тургун 2-класста окуган кызды талаага алып барып, аны зордуктоого аракет кылган. Бирок кыз качып кетүүгө үлгүрүп, окуяны ата-энесине айтып берген. Кыздын ата-энеси бул тууралуу милицияга билдирип, арыз жазган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.