Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысына шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, июль айында милицияга арыз менен Баткен облусунун тургуну кайрылган. Анда ал бейтааныш жаран аны алдоо жолу менен акча каражатын жана жеке буюмдарын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 1985-жылы туулган С.С. аттуу Лейлек районунун тургуну "аскер билетин жасатып берем" деген шылтоо менен 24 миң сом акча алганы аныкталган. Кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгон С.С. экени белгилүү болгон, ошондой эле ал кылмыштуу топтун мүчөсү экени да аныкталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 7-августта борбор калаадан кармалды. Учурда ал камакка алынып, Бишкекте да бир нече алдамчылык фактыларына шектелүүдө.