Жер Ортолук деңизинде Европага бара жаткан 44 качкын каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун 8-августка карата берген маалыматында Жер Ортолук деңизинде 3176 качкын каза таап жана айрымдары дайынсыз жоголгон. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 44 адамга көп. Ал эми үстүбүздөгү жылдын башынан бери аталган деңизде каза болгондордун саны өткөн жылга караганда эки эсеге өскөн.