Жайыл районунда жүрүп бараткан трактордун чиркегичи жана ага жүктөлгөн 500 түк саман күйүп кетти

Жайыл районунда жүрүп бараткан трактордун чиркегичи жана ага жүктөлгөн 500 түк саман күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ Калдык айылындагы жолдо орун алган. Анда жүрүп бараткан ТR 920 үлгүсүндөгү трактордун чиркегичи, арткы 2 дөңгөлөгү жана үстүнө жүктөлгөн 500 түк саман күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан