Медициналык академиянын кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу УКМКнын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Медициналык академиянын кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу УКМКнын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Аскер прокуратурасы УКМКнын 3 кызматкерине “кызмат абалынан пайдалануу” жана “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн. Учурда иликтөө иштери бүтүп, иш сотко өттү.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жатып кармалып, ошол учурда анын жүрөгү кармап каза тапкан. Бул боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү С.Зга “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери М.А жана А.Чга “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан