Бүгүн, 10-августта Ирактын Багдад шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринен өрт чыгып, анда кеминде 11 ымыркай күйүп өлгөнүн "Al-Arabiya" телеканалы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып маалымат таратты. Ал эми куткаруучулар 29 аял менен 7 ымыркайды сактап калууга жетишип, аларды башка төрөт үйүнө жеткиришкен.
Өрт бүгүн эртең менен төрөт үйүнүн аялдар жаткан бөлүмүнөн чыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Ахмед ар-Радини алдын ала алынган маалыматтарга таянып, өрт электр зымдарын этиятсыз пайдалануудан улам келип чыкканын билдирди.