Түркиядагы кош жардыруудан 7 аскер каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү күч органдарына шилтеме берүү менен жазышууда.
Жардыруулардын бири бүгүн эртең менен Ширнак аймагында болгон. Анда түрк аскерлери унаа менен бара жаткан учурда жолго коюлган жардыргыч зат жарылган. Анын кесепетинен 5 аскер кызматкери каза таап, 8 аскер ар кандай жарааттарды алган. Ал эми экинчи жардыруу Диярбакыр аймагында орун алып, 2 аскер каза тапкан.
Жергиликтүү күч органдарынын маалыматына караганда, кош жардырууну Күрд жумушчулар партиясынын жактоочулары уюштурушкан.