Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мүрзөгө катылган граната табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Гранатаны мүрзөгө жашырган" деп шектелип 1958-жылы туулган П.К. кармалган. Ошол эле күнү анын шериги 1954-жылы туулган Е.А. колго түшүп, анын үйү текшерүүгө алынган.
“Ал жарандын үйү текшерүүгө алынган учурда 1 килограммга жакын аммонит заты, 12 детонатор-капсулалары табылган. Ошондой эле анын короосунда кара куурай өстүрүлүп жатканы аныкталган. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.