Тоң районунда сууга чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-августта саат 16:20 чамасында аталган министрликтин 38-ӨКБнын куткаруучуларына Манжылы-Ата тилкесинде 48 жаштагы Б. у. Э. аттуу жарандын сууга чөгүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган тилкеге барган куткаруучулар чөгүп кеткен адамды издеп, саат 17:00 чамасында анын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.