Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдан улам 3 чакырым ички чарбалык жолду суу алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-августта саат 16:30 чамасында Чоң-Алай айыл аймагындагы Кызыл-Эшме айылында катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен колоттордон топтолгон сел суулары 3 чакырым ички чарбалык жолду алып кеткен.
"А.Таштанбеков аттуу жарандын 3 бөлмөлүү чакан үйүн сел каптап, 1,5 гектар чөп эгилген үлүш жерди алып кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде көрүп тактоо иштерин жүргүзүүдө. Тазалоо иштери бүгүн, 11-августта да улантылмакчы", - деп айтылат маалыматта.