Ошто "милиция кызматкери тарабынан уурдалды" делген Кытайдын жараны дале дайынсыз болууда

“Кытай жаранын уурдаган” деп кармалган Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери 20 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимди Ош шаардык соту 27-июлда чыгарган. Анда кылмышка шектүү А.Бнын жасаган кылмышы оор кылмыштардын курамына кирерин, ал ачыкта жүрсө тергөөгө жана сотко келбей тоскоолдук жаратышы жана качып кетүүсү мүмкүн экени эске алынып, 20 күнгө камакка алынган. Ал эми 4-августта Ош облустук сотунун кылмыш жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясы бөгөт коюу чарасын карап, Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча иликтөө иштери улантылып жатканын SUPER.KG порталына билдирди. “Иликтөө иштери улантылууда. Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерселер айтылбайт. Бир канча версиялар бар. Кытай жаранынын өлүү же тирүү экени дале белгисиз бойдон калууда”, - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-июнь күнү Ош шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, жанындагы шериги 1974-жылы туулган А.А. аттуу Кытайдын жараны дайынсыз экенин айткан. Көрүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин аркасында А.Ага таандык автоунаа Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылып, бирок өзүнүн кайда экени белгисиз бойдон калган. Бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери 1981-жылы туулган А.Б. кармалган. Анткени көчөгө коюлган видеокамераларды кароо учурунда А.Бга таандык унаа кытай жаранынын унаасынын артынан акмалап жүргөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aygir
2016-08-11 10:13:03
Ограбление по Жалал Абадский
+1
taraza_
2016-08-11 16:25:42
Бул далилсиз. Кармалган шектуу андай адам эмес.
0
zamir-bek
2016-08-11 20:07:01
Башка булактарда бул жоголду деген адам Кытайдын турмосундо экен деп журотко.
0
admin_portal
2016-08-12 11:44:49
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан