Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 11-август күнү Баткен районунун Дөбө аймагында кыргыз жараны Хундай Портер унаасы менен Тажикстандан Кыргыз Республикасына алкоголсуз суусундуктарды алып өтүүгө аракет кылган. Ал чек арачылар тарабынан кармалып, текшерүү жүргүзүлгөн. Анда жүккө тиешелүү эч кандай документтер болбогону аныкталган.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.