Ала-Бука районунда суу сактагычка чөгүп кеткен тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кызыл-Ата айылынын 1988-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну кичи суу сактагычка түшүп жатып сууга чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине жалпысынан 20дай адам тартылып, Ж.Энин жансыз денеси бүгүн саат 11:50 чамасында табылды. Учурда маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.