Бишкек. Өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жаран боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Бишкекте өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жаран боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Учурда видеодо өлкө башчыны жана милиция кызматкерлерин кемсинтип, сөгүнгөн жаран боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Анын өздүгү жана окуя кайсы жерде болгону аныкталууда. Бул окуя боюнча иликтөөнү КРнын Ички иштер министри К.Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Айта кетсек, бүгүн интернетте белгисиз кыргыз жараны орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан.

Өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
sabyr86
2016-08-11 18:14:38
Кармап камасын.
+5
Keremet008
2016-08-11 18:23:10
Ушу биз жаман после пожарбыз да
+2
tuigan.
2016-08-11 19:07:31
Бул байкуш да жаны ачыганда суйлосо керек да
+6
Aldyiar
2016-08-11 19:53:01
Жаман киши экенго ээ я вас без суда выкину дейтго коркуп кеттим коруп алып бул ХХХ
+1
admin_portal
2016-08-12 10:05:28
Aldyiar, этика нормаларын сактаңыз!
-1
yasmina_kg
2016-08-11 23:10:28
Келечекте ушунндай зоокурлор кобойобу деп корком.Акчага копкондор кобойуп карапайым элди адам ордуна корбой калышты.
+1
incognito1
2016-08-12 02:12:55
Кудайдан коркпогон айбанго бул. Жакында олосун деп, ууууужас! Бизде за оскорбление личности статья барбы? Эгер жок болсо, жакшылап териштирсе мындайлардын обычно коптогон былыктары болот, ошону жакылап изилдеп табып чыгып бир эки жылга темир торго отургузуп койсо, толгон жели чыгып, асмандан тушмок.
+1
vangolu
2016-08-12 23:37:36
incognito1,бар статья
0
Mercedes202
2016-08-12 06:34:11
Амаааа жаман крутой го! Камаш керек тезираак. Турмодо чирип жок болсун!
0
ROZA-87
2016-08-13 13:52:03
Mercedes202,сразу эле камаш керек дейсинда билип билбей туруп.
+2
Odik11
2016-08-12 07:49:32
Итерет го эми ))
+1
Oshanka88
2016-08-12 07:54:18
Конечно,оозунан чыкан создорго жооп бериш керек,тем более эркек киши
+1
qwert123
2016-08-12 08:17:03
Бул кишинин копкону корнуп турат бирок АША жонундо айткандарына кошулам
0
mandalak
2016-08-12 09:07:41
анан бул киши эмне болду жазсанар кызыктуу болтат..
видеосу отто эле жамандаптыр
+1
ROZA-87
2016-08-13 13:50:30
Бул байкушда жаны ачыгандан суйлоп жатат да. Биз дагы уй сатып алып ичиндеги орус квартиранттар чыкпай,3 жыл соттошуп аран дегенде кечээ куну чыгардык. Бизде кызыл китеби, бардык документтери туруп эле соттор область,республика деп тегеретип журо беришти. Бул кишиге боорум ооруду. Акчасын толоп алса анан жаны кашаятта.
+3
Mile
2016-09-20 12:58:52
Мен тушунбодум атайын камерага тарттырышканбы урушканын. Эки жактан тартып жатат го. Ага эмне учун бул киши унчуккан эмес? Атайын уюштурулган эмеспи. Президенттин дарегине жаман соз айткандарга эскертуу деп....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан