Түйүлдүк төрөткана кызматкери тарабынан ыргытылган эмес, бир тууган эжесине берилген. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына Ош облустук төрөтканасынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева билдирди.
Кенжебаеванын айтымында, 22 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну боюнан алдыруу үчүн 8-август күнү төрөтканага кайрылган.
“Кыз өзүнүн жана туугандарынын макулдугу менен 9-август күнү боюнан алдырткан. Түйүлдүк бир тууган эжесинин колуна берилген. Алар өздөрү мүрзөгө алып барып жашырышы керек болчу, бирок туугандарынын жоопкерсиздигинен түйүлдүк таштандыга ташталган”, - деди Гүлбара Кенжебаева.
Айта кетсек, 10-август күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Байтемиров көчөсүндөгү окуу жайлардын биринин тушунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан ак түстөгү материалга оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын 5 айлык экени аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Анда ал өз эрки менен боюнан алдыртканын айткан. Ал эми Ош ШИИБи түйүлдүк төрөткана кызматкери тарабынан ыргытылганын билдирген болчу.