Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза таап, 1 адам жаракат алды

Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза таап, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 06:05те Көк-Жар айылында орун алган. Анда Мицубиси үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу даракты сүзүп кеткен. Натыйжада 1982-жылы туулган У.А. жаракат алып, "Тез жардам" кызматкерлери менен Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми болжол менен 35-40 жаштагы белгисиз жаран оор жаракаттардан улам каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан