Индиянын Дели шаарында абага учуруучу батпиректин жиби 3 адамдын кекиртегин кесип кетип, натыйжада алар каза табышты. Каза тапкандардын экөө жаш балдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя 15-августта эл Индиянын эгемендүүлүктү алган күнүн майрамдап жаткан учурда болгон. Индияда кеңири жайылган көңүл ачуулардын катарында абага батпирек учуруу да бар. Шаардык полициянын билдиргенине караганда, үч окуя шаардын ар башка жерлеринде катталган. Эки жаш бала автоунаанын үстүндөгү люктан чыгып алып, асманга учурулган батпиректерди карап жатышканда жиби келип кекиртектерин кесип кеткен. Ал эми 22 жаштагы мотоциклист катуу ылдамдыкта келе жатып дал ушундай кырсыкка туш болгон. Батпиректердин дагы бирине нөөмөттөн кайтып келе жаткан полиция кызматкери да кабылып, жаракат алган.
Белгилей кетчү нерсе, батпиректерди учуруучу жиптердин сырты бекем болуш үчүн ийилчээк металл менен капталат. Дели шаарынын жетекчилиги 16-августтан тарта жиби металл жана синтетикалык компонент менен капталып жасалган батпиректерди сатыкка чыгарууга тыюу салды.