Жайыл районунда 40 жаштагы тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1976-жылы туулган Б.М.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси 17-август күнү Ат-Башы айыл аймагынын Айдаркен айылындагы экинчи суу сактагычта калкып чыгып калган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №22-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жансыз денени суудан чыгарышып, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.