Кочкор районунун тургуну 350 килограмм буудай, 1 тоок, 1 үндүк жана бут кийим уурдаганы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Нарын облустук сотунан билдиришти.
1984-жылы туулган К.Мирбек “үстүбүздөгү жылдын март айында Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну У.Жнын 350 килограмм буудайын жана ошол эле айылдын тургуну А.Кнын короосунан 1 тоок, 1 үндүк, бут кийим уурдаган” деп айыпталган. Натыйжада жабырлануучу У.Жга 3850 сом материалдык чыгым келтирилип, чыгым өндүрүлгөн эмес. Ал эми А.Кга 5700 сом зыян келтирилип, тергөө учурунда жарымы өндүрүлүп, 1250 сомдук материалдык зыян өндүрүлгөн эмес.
Бул иш боюнча Кочкор райондук соту К.Мирбекти күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло 4 жылга эркинен ажыратылган. Соттолуучу жазасын жатак-абактарында өтөйт.
Айта кетсек, К.Мирбек мурда да “кылмыш далалаты” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери менен сот жообуна тартылып, 2 жылга сыноо мөөнөтү чектелген. Жазасын өтөп бүтүп, соттуулугу жоюлган.