Баткенде жыгач материалдарын эч кандай документи жок Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматынын маалыматында “18-август күнү Баткен районунун Достук айылына жакын жерде аткезчилик жол менен кыргыз жараны коңшу Тажикстан өлкөсүнө 20 метр куб жыгач материалдарын алып өтүүгө аракет кылган. Анын жүккө тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана аткезчилик жүк бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди” деп айтылат.