Чүй облусунда уурулукка шектелген 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
2016-жылдын июль айында Москва районунун 42 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз адам үйүнө кирип, уюлдук телефон жана акча каражатын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.