Токмок шаарында "алдамчылык жолу менен жарандын унаасын тартып алган" деген шек менен 21 жаштагы Чүйдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы Б.Н. аттуу Токмоктун тургуну кайрылган. Анда Данияр аттуу жигит анын ишенимине кирип, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын алып, кайтарып бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Жаңы-Чек айылынын 21 жаштагы К.Д. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.