Токтогул районунда Кызыл китепке кирген күрөң аюунун терисин жана этин алып жүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунда аталган инспекциянын инспекторлору атайын рейд уюштурушкан.
"Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында Кызыл китепке кирген күрөң аюунун териси жана этин алып жүргөн жергиликтүү тургундар кармалышкан. Бул аюулар мамлекет тараптан коргоого алынып, тузак салуу, капкан коюу сыяктуу аңчылыктарга тыюу салынган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, өлкөдө 300 баш Тянь-Шань күрөң аюусу бар.