Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына билдирди.
“Жол кырсыгы бүгүн саат 13:30 чамасында Ош-Эркеч-Там унаа жолунун 28-чакырымында болгон. Анда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Натыйжада жеңил унаадагы 4 адам каза болду. Учурда куткаруучулар, Патрулдук милиция кырсык катталган жерде жүрүшөт”, - деди жергиликтүү тургун.