Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте "террордук топтун мүчөсү" деп кармалган адамдын казак жараны болбогонун айтууда

Бишкекте "террордук топтун мүчөсү" деп кармалган адам казак жараны эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда казакстандык маалымат каражаттары өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматында: “Террордук топтун мүчөсү деп кармалган адам казак жараны эмес. Чынында, ал Кыргыз Республикасына тиешелүү паспорт алып жүргөн. Бир канча убак Алматыда жашаган. Соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын март айында өлкөдөн чыгарылып, Кыргыз Республикасына өткөрүлгөн. Ошол учурда анын эл аралык террордук топтун мүчөсү экени маалымдалган”, - деп айтылат.

Айта кетсек, кечээ КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте "эл аралык террордук топтун мүчөсү" делип 1988-жылы туулган Шамо Мамедов аттуу казак жараны кармалганын билдиришкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aygir
2016-09-08 18:08:35
ХХХ,Кыргыздарга боло берет дегенсип өткөрүп жиберген экен да.
+2
Patriot..kg
2016-09-08 18:15:30
Чан жугузбайт озулоруно
+4
Anara95
2016-09-08 18:24:41
Кыргызстаным аман эле болсунчу!!!
0
Beksultan-007
2016-09-08 20:05:27
Далилдер менен айтып жатпайбы казак тарап. А биздикилер болсо карааап туруп казака окшоштуруп айтып койгон.
0
erlist
2016-09-08 21:00:30
Биздикилер барделдерди кочодогу тугку кополокторду эле кыйын кармайт изилдеп мындай чон ишке тиши отпойт болуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан