Ош шаарында зордуктоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 1994-жылы туулган кыз кайрылган. Анда ал шаар ичиндеги кафелердин биринде иштей турганын жана чала тааныш жаран аны алдоо жолу менен жатакана таап берүүнү убадалап, батирлердин бирине алып барып зордуктаганын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.