Бишкекте окуучу кыздын өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенүүсүнө түрткү болгон мектеп жетекчилигине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
"Өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенген №64-мектеп-гимназиясынын окуучусунун иши боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Иликтөө иштеринин алкагында аталган комиссия мүчөлөрү кыздын андай кадамга баруусуна түрткү болгондордун аты-жөндөрүн аныктаган. Натыйжада мектеп директору Ф.Ш.Чажалиева, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Э.И.Өмүрова, мугалимдер У.Калдымолдоева, З.Б.Бекешова жана Б.М.Анарбековага сөгүш берилди", - деп айтылат маалыматта.