Чүй облусунда уурулук фактысына шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы Токмок шаарынын Д.Б. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын үйүнүн терезесинен кирип, ноутбук жана зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 219 миң сомду түзгөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары буга чейин сот жообуна тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.