Нарында отун алып келе жатып сууга түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 8-сентябрь күнү саат 19:30 чамасында Нарын районунда болгон. Анда Ийри-Суу айылынын 1991-жылы туулган С. уулу К. аттуу тургуну отун алып келе жатып Нарын дарясына түшүп кеткен. Куткаруучулар жана туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп, 9-сентябрь күнү эртең менен анын жансыз денесин табышкан.