Бишкек шаарынын Асанбай кичи районундагы батирлердин биринен 66 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Асанбай кичи районундагы №43-үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Ичинен 1950-жылы туулган Ч.Т.А. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.