Аламүдүн районунда ээн баштыкка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда ээн баштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-июль күнү милиция кызматкерлерине Военно-Антоновка айылынын 32 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал Тилек аттуу чала тааныш жигит эч себепсиз денесине оор залал келтиргенин айткан. Бул боюнча “ээн баштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде шектүү катары 30 жаштагы Б.Т. кармалган. Учурда ал үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан